Кыргызстан деңизге чыгууга жол ачты. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты“Росатом” 2026-жылы Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну баштаганы жататКазакстанда 16 жашка чейинкилерге соцтармактарга катталууга тыюу салуу сунушталды. Бул мессенжерлерге тиешелүү эмесОш шаарына кошулган Жаңы-Маала айылында масштабдуу курулуштар башталатЕАӨБ Кыргызстандын өнөр жайынын белгилүү болбогон мүмкүнчүлүктөрүн атады
Буудай былтыркыга салыштырмалуу 42,1% га аз жыйналды
13.10.2021 | 15:43
Кыргызстанда дан эгиндеринин дүң түшүмүнүн азайганы байкалганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Дан эгиндеринин түшүмүнүн төмөндөшүнө жай мезгилиндеги аба-ырайынын жогорку температурасы жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздиги сыяктуу факторлор себеп болгон.
“Жалпысынан республика боюнча буудайдын дүң жыйымы 42,1%га, арпа 48,7%га, коон 14,6%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 6,5%га, картошка 5%га жана жашылча 1,6%га кыскарган”, – деп билдирди статкомитет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом