Бишкектеги мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосунда мушташ чыктыЖогорку Кеңеш альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдү жогорулаткан мыйзам долбоорду жактырдыУКМК теракттарды даярдаган жана жардыруучу түзүлүштөрдү чогулткан өспүрүмдөрдүн кармалганын билдирдиДепутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болот
Абайлагыла видео! Орусияда аял 9 жаштагы кызды батиринде өлтүрдү
19.10.2021 | 11:49
Вологда шаарында аял көчөдөн үйүнө алып кеткен 9 жаштагы кызды өлтүрүп койгон. Бул тууралуу Telegram каналындагы “Сактык кабарлары” билдирди.
Журналисттердин айтымында, Соня 16-октябрда жолдо 40 жаштагы Ульяна Ланская менен таанышкандан кийин жоголуп кеткен.
«Ал кызды дүкөнгө алып кирген. Андан кийин ал жоголуп кеткен. Кыздын сөөгү ошол эле бурулуштагы батирлердин биринен табылган. Ланская качып кеткен, бирок көп өтпөй башка аймакта кармалган. Ал киши өлтүрүү кылмыш иши боюнча негизги шектүүлөрдүн бири. Аял психикалык ооруга чалдыгышы мүмкүн», – деп белгилешти ЖМК.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар