Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Улан Сарбанов жаңы кызматка дайындалды
19.10.2021 | 11:45
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп Улан Сарбанов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматын буга чейин Арзыбек Кожошев жетектеген. Ал Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлык кызматына кеткен.
Ал эми Сарбанов буга чейин Салык консультанттарынын палатасындагы аттестациялык комиссияда жана Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик кеңеште мүчө болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат