Бишкекте «Доступный цифровой мир» социалдык долбоорунун алкагында экинчи бекер Wi-Fi зонасы ишке кирди. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААК билдирет.
Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде жаңы эркин интернет зонасы ачылды.
Белгиленгендей, бул долбоордун алкагында биринчи бекер Wi-Fi зонасы сентябрдын башында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзен айыл өкмөтүндө ишке киргизилген.