Ат-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайыИранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылуудаТегеранды каптаган «Каардуу айкырык»Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урдуКыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна тынсыздануусун билдирди
Айыл чарба министринин орун басары кызматтан алынды
01.11.2021 | 17:10
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Ильич Марсбек уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Мындай чечим Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна (саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо) ылайык кабыл алынды.
26-октябрда айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Марсбек уулу Ильич кармалганын, УКМКнын абагына киргизилгени кабарланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат