АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышкан
23.02.2026 | 16:10

Соцтармактарга эки автобус сүзүшүп турганы, ал эми арт жакта жол тыгыны пайда болгону тартылган видео тарап жатат.
Видеодон көрүнгөндөй, кагылышуу Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин проспектисинде болгон, анда №42 жана №10 автобустар бири-бирине капталдары тийген абалда жолдун ортосунда токтоп турат.
Автордун айтымында, автобус айдоочулары “же жол талашып, же жүргүнчү талашып” кагылышкан, мындан улам болсо бир чакырымга чукул жол тыгыны жаралган. Автор айдоочуларга катуу чара көрүүнү суранган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар