Президент Глазгого жеке учак менен барганын бийлик тастыктады

Президент Глазгого жеке учак менен барганын бийлик тастыктады

Президент Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан саммитке жеке учак менен кеткенин өлкө башчынын администрациясынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Президентке тиешелүү ТУ-154 учагы Түндүк Ирландия жана Улуу Британиянын атайын талаптарына жооп берилбестиги айтылып, жеке учак менен баруусу чечилген.

Айрым маалыматтарга караганда, “Манас” аэропортунан Embraer Lineage 1000 Дубай компаниясынын бизнес-класстагы учагы менен жыйынга жөнөгөн. Айрым ачык булактарда бул учактын ижара акысы саатына 12 миң Евро турат.

Кыргызстандын бийлик башчыларын ташыган «ТУ-154» учагы 1993-жылы чыгарылган. Айрым маалыматтарда айтылгандай, Жапаров жакында жаңы учак сатып алат.

Глазгодогу конференция климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>