Садыр Жапаров «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитине катышуудаБУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве өлкөдөгү миссиясын аяктадыКРСУ жана «Газпром-Медиа» жеке бренд жана медиакоммуникация боюнча курсту ишке киргиздиБишкекте алгачкы фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталдыЖКда үч жылга соттолгон балдар нефрологунун ишин кайра кароо сунушталды«Кыргызстан Кореяны артыкчылыктуу өнөктөш катары карайт»: Садыр Жапаров президент Ли Чжэ Мён менен жолукту
Ат-Башыдагы ажаткана саркындылары арыкка куюлууда (ВИДЕО)
01.11.2021 | 16:57
Нарын облусунун Ат-Башы айылындагы ажатканалардагы саркындылар арыктагы сууга кирип жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге окурмандар видеосун жөнөтүп, нааразылыктарын билдиришкен.
Нааразы тарап “Ат-Башы суусунан бөлүнүп чыккан айылдагы огороддорду сугара турган арыктардын жээгиндеги бул ажатканалардын ээлерине айтып жатып түшүндүрө албадык. Бул арыктарга бок-сактар сарыгып кирип жатат. Ылдый жактан айрым жарандар да ичишет. Бул жагдайга жергиликтүү бийлик деле кол шилтеп коюшкан. Эмне кылышты билбей калдык” – деп суроо салган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом