Кыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайы
Дүйнөлүк оюн: Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт
04.11.2021 | 08:47
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде финалга чыкты.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта күч сынашып жаткан Медет кызы алгачкы атаандашы Эквадордун балбаны Генесис Валдести да, чейрек финалда күрөшкөн индиялык спортчу Бипаша Бипашаны да 4:0 эсебинде далысын килемге басып утуп, жарым финалга өткөн.
Жарым финалда АКШдан келген балбан кыз Килие Рене Велкерди 8:0 эсебинде жеңип алды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт