ШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдөКыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтоттуМамлекеттик кызмат Жапониянын стипендиялык программасына катышуучулардын аймагын кеңейтет
Улуттук банк ушул жылдагы он биринчи интервенцияны өткөрдү
06.11.2021 | 10:07
5-ноябрда Кыргызстандын Улуттук банкы кайрадан валюта рыногуна чыкты. Бул тууралуу аталган бактын сайтында маалымдалды.
Бул жолу Улуттук банк валюта рыногуна 55,4 миллион доллар сатты, бул 28-октябрга салыштырмалуу 5,4 миллион долларга көп. Бул быйылкы жылдын башынан берки он биринчи валюталык интервенция.
Кошумчалай кетсек, учурда регулятор сомдун курсун тегиздөө үчүн 446 миллион 750 миң доллар сарптады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика