Талас: Талапкердин “добуш сатып алды” деген арызы текшерилди

10.11.2021 | 12:29

№20 Манас шайлоо округунан талапкер Мирлан Назарбеков админстративдик ресурс колдонду деген дооматты милиция карады. Бул туурасында Талас облустук милиция билдирди.

Маалыматка караганда, Н.У. аттуу адам 5-октябрдагы жыйында Мугалимдер күнүнө карата директор, мугалимдерге демөөрчү катары сыйлык бергендиги аныкталды деген арызды текшеришти. Натыйжада бул келтирилген жүйөлөр аныкталган эмес.

Ошондой эле 3-ноябрда Кызыл-Адыр айылынын стадионунда жергиликтүү калк менен жолугушуусуна мектеп окуучуларды үгүт иштерине катыштырды деген даттануулары такталган жок.

https://reporter.kg/shajloo-2021-talasta-talapkerdin-apasy-akcha-taratty/

Scroll to Top