Кыргызстандыктардын жашоосун өзгөртө турган ШКУнун 5 долбоору — экономисттин пикириБишкекте үч кытай тасмасы акысыз көрсөтүлөтЫсык-Көлдөгү тынчтык жана психологдор: депутат Сурабалдиева кандай маселелерди көтөрөтКазакстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды: беш партия Курултайга өттүКыргызстанда камсыздандыруу компаниялары жарым жылда 5,6 млрд сом чогултуп, 1 млрд сомдон ашык төлөп бериштиАлтын баасынын өйдө-төмөнү. Жыл башынан бери алтындын баасы кандай өзгөрдү
Ош мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолот
19.10.2025 | 16:16

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 19-октябрда, көп кабаттуу үйдүн өрттөнүшүнө байланыштуу билдирүү жасады.
Анын айтымында, өлкө башчы Садыр Жапаров ага күйүп кеткен үйдүн чатырын, жабыркаган батирлерди толук калыбына келтирип, жеке көзөмөлүңө ал деп тапшырма берген.
“Баарын мэриянын эсебинен бүткөрүп беремин. Кыжалат болбоңуздар, башкысы жашоочулар аман,- деп билдирди мэр.
Эске салсак, бүгүн таңга маал 06:30дар чамасында Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан чоң өрт чыккан. ӨКМ жерине өрттү өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом