Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Партиялардын шайлоо фонддоруна 167 млн сомдон ашык каражат түштү
19.11.2021 | 09:53
Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө – текшерүү тобу саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддорунун каражаттары жөнүндө маалыматы расмий сайтына жарыяланды.
«Түндүк» тутуму аркылуу банктардан алынган маалыматка ылайык, 17-ноябрга карата саясий партиялардын шайлоо фонддоруна жалпы суммасы 167 млн. 23 миң 757 сом түшкөн. Ал эми шайлоо фонддорунан ушуга чейин 154 млн. 966 миң 679 сом сарпталган.
Шайлоого 21 саясий партия катышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат