Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
9 жашар Сумая жерге берилди. Миңден ашык киши келди
28.11.2021 | 18:51
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жансыз денеси табылган 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Сирожиддин Холдаров “Супер. kg” порталына билдирди.
Анын айтымында, Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына миңден көп адам катышты. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилди.
Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда сөөгү табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча “киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон.
https://reporter.kg/suzakta-zhogolgon-9-zhashtagy-sumayanyn-soogy-tabyldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом