19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылды
Шайлоо-2021: Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгабы? Жооп
07.12.2021 | 11:58
Парламенттик шайлоо кайрадан болбойт. Борбордук шайлоо комиссиясы мүчөлөрү “Азаттык” партиясынын өтүнүчүн четке какты.
Аталган партия 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо массалык мыйзам бузулуулар болгонун, автоматташтырылган системада кокустук эмес, атайылап кийлигишүү аракети болгонун айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен БШКга кайрылган. Муну менен катар добуштарды кайра санап чыгуу талабын да коюшкан.
БШКнын төрайымыНуржан Шайлдабекова автоматтык урнага байланышкан бардык шектерди четке кагуу үчүн комссия түзүлгөнүн билдирип, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга эч кандай негиз жок экенине токтолду.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат