Ким спикер болот? Жаңы чакырылышта кызмат бөлүштүрүү башталды

Ким спикер болот? Жаңы чакырылышта кызмат бөлүштүрүү башталды

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына келе турган депутаттар коалиция түзүү жана спикерди шайлоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзө баштады. Өздүк булактардын маалыматына караганда, төрагалыкка: Бакыт Төрөбаев, Нурлан Шакиев жана Жанар Акаевдин талапкерлиги талкууланып жатат.

Бакыт Төрөбаев — “Ата Журт Кыргызстан” партиясында №2, ал өз партиясынан көпчүлүк добушка ээ болгон. Буга чейин саясатчы “Өнүгүү Прогресс” партиясын жетектеп келген.

Нурланбек Шакиев — бир мандаттуу Аксы округунан талапкер болуп, эң көп добуш алган. Өмүр баянында “2-каналдын” башкы директору, андан мурда Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болгондугу айтылат.

Жанар Акаев — “Альянс” партиясынын тизмесинде. Парламенттин VI чакырылышында КСДП партиясынан депутат болгон.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өттү, БШК добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын 20 күндүн ичинде, башкача айтканда, 18-декабрда чыгарышы керек. Эми добуштарды автоматтык түрдө жана кол менен эсептөөгө ылайык, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру” партиялары 5 пайыздык босого чектен өттү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>