Өкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты
Комиссия Асылбек Жээнбековду бошотуу чечимин алып келди
08.12.2021 | 12:06
Парламентте Жогорку Кеңештин абактагы депутаты Асылбек Жээнбековдун депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароодо. Атайын депутаттык комиссия төрагасы Канат Исаев Жээнбековду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу чечимин алып келди.
Андагы чечимдердин айрымдары туурасында Исаев буларды айтып берди:
- Абактагы Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков депуттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз, КР Конситуциясынын 75 беренесинин талаптарын бузуу менен жаза тартылган жана камакка алынган деп таанылсын.
- КР кылмыш жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясынын күчүнө киргендигине байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков УКМКнын убактылуу кармаоочу жайынын токтоосуз чыгууга тийиш.
- Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамынын 24-беренесине ылайык, депутат эл өкүлү катары, элдин жана мамлекеттин коргоосу алдында тураары, мандатын убактысы бүткөнчө колдоноору, андан кийин дагы айтылган ой-пикири жана добуш берүү жыйынтыктары үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес экени белгиленсин.
- КР башкы проркуроруна депутаттык кол тийбестигин ажыратуу менен, кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартылсын. Бул жөнүндө токтом долбоору дайындалсын жана Жогорку Кеңешке жөнөтүлсүн!
Ушул тапта парламент Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун депутаттык кол тийбестигин карап жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат