ЖАМК: 16 жаштагы кызды зордуктаган жаран бир адамдык камерада камакта

ЖАМК: 16 жаштагы кызды зордуктаган жаран бир адамдык камерада камакта

Сокулук районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран Бишкектеги СИЗО-1дин бир адамдык камерасына камалууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жаза аткаруу кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Мындай чечимди ЖАМК жетекчилиги кармалган адамдын коопсуздугу үчүн кабыл алды.

Буга чейин социалдык тармактарда белгисиз адам камерада кармалган шектүү менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп жаткан видео пайда болгон. Андан соң белгисиз адам камерадагы «старший» менен сүйлөшүп, шектүү сабалганын айтат.

7-декабрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бул видеоматериал боюнча тактоо максатында Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынын бардык камералары текшерилип, жыйынтыгында уюлдук телефон табылып, алынган. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери бардык эрежелерди сактоо максатында камакка алынгандар менен сүйлөшүү жүргүздү.

«Коопсуздук максатында кылмышка шектүүнүн өзү изоляторго камалды, бирок бүгүн соттун чечими менен шектүү 2 айга Бишкек шаарындагы No1 СИЗОго камакка алынды. Сокулук РИИБи тарабынан уюлдук телефон табылып, алынган факты боюнча убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлдү», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Сокулукта айдоочу өз унаасында 16 жаштагы кызды зордуктады — сүрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>