Бишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайт
Үлгү аларлык! Эси ооп жыгылган кызды ооруканага жеткирген курсант
09.12.2021 | 14:41
Бишкек шаарынын тургуну Кеңешгүл Мендешова ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана курсантына ыраазычылыгын айтты. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 27-ноябрда студент кыз кечке маал окуудан келе жатып өзүн жаман сезип, эси ооп көчөгө жыгылып калган. Жолдо кетип бара жаткан ИИМ Академиясынын 2-курстун курсанты Алмаз Алибаев студент кызды Бишкектеги №4 шаардык ооруканага такси менен жеткирип, кабыл алуу пунктунда кыздын жакындары келгенче күтүп турган.
Бул аракетине ыраазы болгон чоң эне курсантка батасын берип, окуу жайдын жетекчилигине ыраазылык айтты.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар