Назира Мамбетова эл аралык сыйлыкка татыды

Назира Мамбетова эл аралык сыйлыкка татыды

Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетовага бүгүн, эл аралык Экономикалык Кызматташтык Уюмунун сыйлыгы тапшырылды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу» номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын эл артисти Мамбетова Назира Исмаиловна Экономикалык Кызматташтык Уюмунун медалы жана 5 миң доллар акчалай сыйлыгы менен сыйланды.

Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынан «Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу» номинациясы боюнча бир катар өнөр адамдары сунушталып, анын арасынан Мамбетова Назира Исмаиловнанын талапкерлиги жактырылган.

Сыйлыкты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырып, ага маданият ишмерлери жана студенттер катышты.

Экономикалык Кызматташтык Уюму — 1985-жылы түзүлгөн жана Аймактык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун мураскери болуп саналат. ЭКУ 1977-жылдын мартында үч уюштуруучу өлкө — Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы жана Түркия Республикасы тарабынан кол коюлган Уставдын — Измир келишиминин негизинде иш алып барат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>