Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Милиция жаздан бери дайынсыз болгон чабанды тапты
09.12.2021 | 15:37
Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дайынсыз жоголгон Намас Жаныбековдун жүргөн жерин аныкташты.
Облустун борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Намас Жаныбеков Кемин районунда чабан болуп иштеп келген.
Учурда милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жаранды Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө алып барып, туугандарына өткөрүп беришти.
Белгилей кетсек, милиция ушул жылдын май айынан бери Жаныбеков Намас Абдыкериовичти издеп жаткан болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом