Бишкек көчөлөрүндө кальмар оюну. Кимдер ойношту?

Бишкек көчөлөрүндө кальмар оюну. Кимдер ойношту?

Кальмар оюну Бишкек көчөлөрүндө. Бишкек мэриясы дал ушундай аталышта рейд жүргүздү. Бул туурасында баш калаа бийлиги билдирди. Ага жол кайгуул кызматы, жол транспорт кызматы, санитардык-эпидемиологиялык кызматы жана мэрия кызматкерлери катышты.

Маалыматка караганда, борбор калаанын эл көп жүргөн аялдамаларын, базарлардын айланасындагы көчөлөргө кальмар оюндарындагы каармандардын образында (кийимдерин кийип алышып) элдерге жол кыймылынын эрежелерин сактоону түшүндүрүштү. Атайын түшүндүрмөлөрдү да таратышты. Коомдук транспортторго кирип барып, эпидемиологиялык кырдаалда санитардык нормаларды сактабай жаткандарга да түшүндүрүү иштерин жүрүзүштү.

Аны менен катар унааларына салык төкпөй жүргөн айдоочуларга эскертүүлөрдү берип, убагында салык төгүүдөн качкандарга админстративдик жаза күтүп тургандарын айтышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында жол кайгуул кызматы 5 айдоочуга айып салды.

Мындай ыкманын колдонуунун максаты элдердин эсине жакшы сакталып калыш үчүн дешет уюштуруучулар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>