АКШ Орусиянын эки ири мунай ишканасын санкциялык тизмеге киргиздиӨлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын аягына чейин жетет, баа 15%га чейин кымбатташы мүмкүнАдылбек Касымалиев: Туризм экономикага туруктуу салым кошо баштадыIV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталдыАк илбирстин эл аралык күнү: Кыргызстан сунуштаган майрам дүйнөдө алгач белгиленди – Садыр ЖапаровБишкекте мектептердин жанындагы 18 соода күркөсү бузуулууда
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров камактан чыкты
09.12.2021 | 16:21
Бүгүн, 9-декабрда камактагы депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан чыгарылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук соту Reporter.kg’га тастыктады.
Жогорку Кеңеште атайын түзүлгөн комиссия эки депутатты жоопко тартууга макулдук берген эмес. Башкы прокуратура эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо эл өкүлдөрү камактан бошотуларын билдирген.
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында «Кумтөр» маселеси боюнча коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагында болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат