Алимжанова ДЦП менен ооруган балдарды реабилитациялоого квотаны көбөйтүүнү сурандыБишкекте диктор Тамара Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалды
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров камактан чыкты
09.12.2021 | 16:21
Бүгүн, 9-декабрда камактагы депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан чыгарылды. Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук соту Reporter.kg’га тастыктады.
Жогорку Кеңеште атайын түзүлгөн комиссия эки депутатты жоопко тартууга макулдук берген эмес. Башкы прокуратура эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо эл өкүлдөрү камактан бошотуларын билдирген.
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында «Кумтөр» маселеси боюнча коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагында болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат