Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Орто-Сай базарынын соодагерлери жолду бууп алышты (ВИДЕО)
13.12.2021 | 13:21
Бишкек шаарындагы Орто-Сай базарынын соодагерлери жолду бууп алды. Бул туурасында маалыматтар социалдык тармактарга тарады.
Айрым маалыматтарга караганда, Сүйөркулов көчөсүн толугу менен жаап алышты. Негизги талаптары соода жайынын ижара акысы өтө жогору болуп жаткандыктан, анын баасын түшүрүү. Буга чейин бир нече ирет базар жетекчилигине кайрылышканы менен андан эч кандай майнап чыккан эмес. Андыктан жолду тороп бийликтин жана базар жетекчилигинин көңүлүн бургусу келгендиктерин айтышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар