Базар-Коргондо билим берүү бөлүмүнүн башчысы мектептерден мыйзамсыз акча чогултууда

Базар-Коргондо билим берүү бөлүмүнүн башчысы мектептерден мыйзамсыз акча чогултууда

Базар-Коргондо билим берүү бөлүмүнүн башчысы ар бир мектептен үч миң сомдон чогултууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ал билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага министрлик эмне үчүн кызматтык иликтөө жүргүзбөй жатат деген суроо менен кайрылды.

«Жакында эле мен сизге Базар-Коргондогу билим берүү бөлүмүнүн башчысы мугалимдердин акчасын жеп алганын билдирген элем. Сиз аны калкалап баштадыңыз, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалган маалымат бердиңиз. Ал жердеги мугалимдерди коркутуп, арыздарын кайтарып алууга аргасыз кылышкан. Ал эми прокуратура күнөөлүүлөрдү таап, иш сотко жөнөтүлгөн. Бирок, эки күн мурун ошол эле билим берүү бөлүмүнүн башчысы кайрадан ар бир мектептен үч миң сомдон чогулта баштаган. Кандай негизде? Эмнеге ушундай адамдарды алмаштырбайсыңар? Бул кызматты ээлеген адам акча талап кылуу менен эмес, билим берүү менен алектениши керек», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>