Тез жардам кызматынын дарыгери жол кырсыгынан оор жаракат алды

15.12.2021 | 17:29

Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун дарыгери кырсыктан оор жаракат алды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аталган борбордон билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 15-декабрда эртең менен болгон. Учурда социалдык тармактарда дарыгерге операция жасоого каражат чогултулуп жатат.

Ошол эле учурда аталган борбордун директору Искендер Шаяхметов учурда дарыгер жаткан Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда импланттарды жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн билдирди. Аны бекер берүүгө макул болушту. Операция эртеңкиге белгиленген.

Дарыгерге жардам берүүнү каалагандар акча каражаттарын которсо болот:

Айыл Банк, карта номери 9417371852005282, Тарасова Лариса (жабырлануучунун апасы).

Scroll to Top