Жанар Акаевге тийиштүү мандат башкага өттү

Жанар Акаевге тийиштүү мандат башкага өттү

Бүгүн, 15-декабрда  Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Анда уткан партиялардын ичинен аялдар квотасы да каралган. Ага ылайык, «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевге берилүүчү мандат Токтобүбү Оргалчага  автоматтык түрдө өтөөрү айтылат. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Ага ылайык,  үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек. “Альянс” партиясына 7 мандат тийет. Анын үчөө аял. Токтобүбү Оргалча, Гүлкан Молдобекова Нилуфар Алимжанова.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгарылышы керек.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>