Акылбек Сариев: БШК мыйзамга ылайык эмес, түшүнүктөр менен иш алып барууда

Акылбек Сариев: БШК мыйзамга ылайык эмес, түшүнүктөр менен иш алып барууда

Жогорку Кеңештин шайлоосуна «Альянс» партиясынан катышкан талапкер Жанар Акаев мандатсыз калышы мүмкүн. Буга бүгүн, 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы өзгөрткөн парламенттик шайлоо жобосундагы 30% гендердик квота таасир этет. Анда уткан партиялардын ичинен аялдар квотасы да каралган. Ага ылайык, Жанар Акаевге берилүүчү мандат добуштарынын саны боюнча Токтобүбү Оргалчага  автоматтык түрдө өтөөрү айтылат.

Reporter.kg БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариевге байланышып, Боршайкомдун өзгөрткөн жобосуна комментарий алды.

«Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого чейин канча мандат алса канча аял келет деп жобо кабыл алган. Ал жободо партия жети мандат алса эки аял депутат болот деп даана жазылган. Учурда БШК мыйзамга ылайык эмес, түшүнүктөр менен иш алып барууда. Өзгөртүүгө муктаж болгон жоболорду БШК шайлоо алдында оңдоо киргизиши керек болчу. Бүгүнкү жасалган кадамдар мыйзамга каршы келет. «Таза шайлоо өттү» деп жатышат, административтик ресурс колдонулбаганы менен автоматтык түрдө добуштарды эсептеген урналардагы кеткен катачылыктарчы…», — деди Сариев.

Акылбек Сариев Жанар Акаев учурда Жогорку Кеңештин депутаты экенин айтып, мыйзамдардын так аткарылышын парламенттин башкы трибунасында талап кылса боло турганын белгиледи.

«Жанар Акаев мыйзам чыгаруу органында иштейт. Ал бизге караганда шайлоо мыйзамдарын беш колдой билет. Эл өкүлдөрү аткаруу бийлигинен мурда кабыл алынган мыйзамдардын так аткарылышын талап кылышы керек», — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин БШКда жобону өзгөртүү боюнча эки жолу добуш берилип, эки жолу тең колдоо тапкан эмес. Бул жолу шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өз позициясын өзгөрткөн.

Жанар Акаевге тийиштүү мандат башкага өттү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>