УКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү
Кара-Кечеде көмүр казуу убактылуу токтотулду
17.12.2021 | 09:50
Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан 20-декабрга чейин көмүр казуу токтотулду. Бул туурасында “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, бир гана Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр үзгүлтүксүз тартылат.
Буга чейин Кара-Кечеде жеке ишкерлер кендин токтоп турушуна нааразылыгын билдирип чыккан. Ошол эле маалда Бишкек шаарынын тургундары үчүн бийлик 3 миң сомдук көмүрлөрдү да ташып жаткан болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом