Күлүүгө, ичүүгө болбойт! Түндүк Кореяда 11 күн аза күтүү

Күлүүгө, ичүүгө болбойт! Түндүк Кореяда 11 күн аза күтүү

Түндүк Кореяда 28-декабрга чейин аза күтүү жарыяланды. Буга мурдагы президент Ким Чен Ирдин көз жумганына 10 жылдыгынын урматына аза күтүлөт. Бул туурасында lenta.ru жазды.

Маалыматка караганда, бул убакыт аралыгында Корея жарандарына күлүүгө, туулган күн тосууга, ичимдик ичүүгө, соода кылууга болбойт. Ошондой эле кокус үй-бүлө мүчөлөрүнөн бири каза болуп кала турган болсо катуу ыйлоого жана аны акыркы сапарга узатууга тыюу салынат. Аза күтүү күндөрү бүткөндөн кийин гана маркумду жерге берүүгө уруксат берилет.

Өткөн жылы аза күтүү маалында мас абалындагы бир канча адамды укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кармап кетишкен, андан соң аларды эч ким көргөн эмес.

Ким Чен Ир 2011-жылы 17-декабрда каза болгон. Ал Түндүк Кореяны 1994-жылы мурдагы лидер, атасы Ким Ир Сен каза болгондон кийин 2011-жылга чейин башкарган. Андан соң өлкөнү башкаруу анын уулу, учурдагы лидер Ким Чен Ынга өткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>