Ысык-Көлгө 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы коё берилдиҮчүнчү балдар ооруканасында 200дөй бала кезекте турган — депутатБишкектин Достук айылында 750 орундуу мектеп курулдуБалыкчыда жолду сапатсыз оңдогон ишканаларга айып пул салынып, кемчиликти жоюу талабы коюлдуИшкер аялдарды каржылоону ишке ашыруу үчүн Улуттук хартияга кол коюлдуКыргызстанда салык мыйзамдарына масштабдуу өзгөртүүлөр сунушталууда
Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон балыкчылар изделүүдө
17.12.2021 | 09:46
Ысык-Көлдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары дайынсыз жоголгон балыкчыларды издеп жатышат.
Маалым болгондой, Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 1948-жылы туулган тургундары М.Ю.М. жана 1965-жылы туулган А.А. 14-декабрда балык уулоого чыгып, кайра кайтып келишкен эмес. Аталган жарандардын жакындары жардам сурап 16-декабрда кайрылышкан.
Ошол эле күнү окуя болгон жерге Тоң райондук ОИИБнин 7 куткаруучусу, РИИБдин 3 кызматкери жана 2 жергиликтүү тургун издөө иштерин жүргүзүшкөн. Издөө иштери саат 18:00гө чейин уланып, бирок натыйжа болгон эмес.
Бүгүн да издөө иштери уланууда. Ага ӨКМнин 1 кызматкери, 7 суучул жана 1 фельдшер тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом