Кытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулат
Кара-Кулжа райондук “Кадастр” бөлүмүнүн башчысы кармалды
25.12.2021 | 14:12
Ош облусунун Кара-Кулжа райондук “Кадастр” бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу “А.М.Ж.” кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен “Кадастр” мамлекеттик мекемечинин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу “А.М.Ж.” кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар