Өзүңөр сактанбадыңар! Кызыл зонада иштеген дарыгерлер бир жылдан бери компенсация ала элек

Өзүңөр сактанбадыңар! Кызыл зонада иштеген дарыгерлер бир жылдан бери компенсация ала элек

Кызыл зонада иштеген дарыгерлер бир жылдан бери компенсация ала элек. Бул туурасында Reporter.kgге Эне жана балдарды коргоо борборундагы дарыгерлер билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 2021-жылы COVID-19 илдетин жуктурган бейтаптарды дарылап, өздөрү да бул илдетке кабылган медиктерге мамлекет компенсация төлөп бермек. Бирок, аталган борбордун дарыгерлерине компенсация бербей жатат. Эреже боюнча, компенсация алуу үчүн атайын документтерди Милдеттүү камсыздандыруу фондуна тапшырышы керек. Андан соң аталган фонд компенсацияны берет. Бирок, аталган борбордун жетекчилиги “дарыгерлер атайын эрежени сактабагандыктан COVID-19 илдетин жуктуруп алдыңар. Силерге кайра айып салабыз”- деп компенсация бербей, коркутуп жатат. Фондго тапшыра турган документтерди медиктерге берип коюшкан.

Бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо борборунда 80ден ашык медик 75 миң сомдон компенсация ала албай жатканы айтылууда.

Ошол эле маалда 13-айлык башка бейтапканаларда берилээри айтылып, аталган борбор бул каражатты да бербейт экен деген маалыматтар чыгып жатат деп тынчсыздануусун билдиришти.

Буга чейин Милдеттүү камсыздандыруу фонду ооруканалардын бөлүм башчылары атайын документтерди алып келе турган болсо компенсациялар берилет деген болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>