27-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы Көкүм-бий көчөсүндөгү каналдан адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМ билдиргендей, окуя болгон жерге Кара-Суу райондук 4 куткаруучу барды. Учурда адамдын өздүгү такталып жатат.
Куткаруучулар жансыз денени чыгарышып, Ички иштер министрлигине өткөрүп беришкен.