Статистика: Электр энергияны өндүрүү жылдан-жылга көбөйүүдө

Статистика: Электр энергияны өндүрүү жылдан-жылга көбөйүүдө

2020-жылы 15,8 млрд. кВт/саат электрэнергиясы өндүрүлдү, анын ичинен 81% жакыны ички рынокто керектелди. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 2019-жылга салыштырмалуу электрэнергия өндүрүүнүн көлөмү 2%, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу – 17% көбөйдү. 2020-жылы электрэнергиясын жоготуулар жалпы ресурстардын көлөмүнүн 17% ашыгын (2016-жылы — 20% жакынын) түздү.

Жылуулук энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 2020-жылы 3,1 млн. гигакалорийди түзүп, бул мурунку жылга салыштырмалуу 8%, ал эми 2016-жылга салыштырмалуу 7% көп. Жылуулук энергиясынын бардык көлөмү республиканын ички рыногуна берилет. Муну менен бирге, 2020-жылы анын жоготуусу 2016-жылга салыштырмалуу 20% төмөндөдү жана 159,4 миң гигакалорийди түздү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>