Кыргызстандын Улуттук банкы кечээ, 27-декабрда кайрадан валюта рыногуна чыгып, быйылкы жылдын он бешинчи валюталык интервенциясын жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Бул жолу Улуттук банк 65 миллион 950 миң доллар сатты. Быйылкы жылдын эң чоң интервенциялардын бири болуп калды.
Жыл башынан бери Улуттук банк сомдун кунун кармап туруу үчүн 698 миллион 950 миң доллар коротту.