Бишкекте бир сүрөт кызматкерлерди жазага тарттырды

Бишкекте бир сүрөт кызматкерлерди жазага тарттырды

Кызматтык унааны жеке кызыкчылыгына пайдаланганы үчүн кызматкерлер жазага тартылды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэриянын карамагындагы чуу жараткан Volkswagen Passatтын сүрөтү боюнча маалыматтар ачыкка чыккан. Ал унаа мамлекеттик экени аныкталды. 0035 ВС номерлүү унаа  Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын балансында тураары жана ал мекеменин башчысы Максат Нусувалиевге таандык экени да такталган.

Бул шаардык бийликти чууга салган сүрөт 7-декабрь күнү тартылган. Бул маалда М.Нусувалиев борбор калаанын мэриясынын имаратында жумушчу кеңешмеде катышып жаткан. Ал эми анын айдоочусу А. Молдалиев өз иши менен алектенип жүргөн. Ошол кезде унааны кимдир бирөө сүрөткө тартып алган.

Мындан улам айдоочу А. Молдалиев өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.  Кол алдындагы кызматкерине көзөмөл жүргүзө албагандыгы үчүн М.Нусувалиевге сөгүш жарыяланган.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында эл өкүлү Таалайбек Дайырбеков  Бишкек мэриясынын шаар транспорттук башкармалыгынын башчысынын кызматтык унаасы баласын шаардагы 6-мектептен алып кетип жатканда жөө жүргүнчүнү сүзүп кете жаздады деп, жыйындын катышуучуларына фото фиксацияларды көрсөткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>