Инсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантат
Сокулук: Эркек кишинин телефонун тартып алган каракчылар кармалды
29.12.2021 | 13:42
Сокулук районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
19-декабрда милицияга арыз менен 1977-жылы туулган Ж.К. кайрылган. Ал арызына 18-декабрь күнү саат 22.00дөр чамасында Жал айылында жайгашкан дүкөндөрдүн биринин жанынан белгисиз адамдар аны сабап, 10 миң сомдук телефонун тартып алышканын жазган.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси боюнча катталган.
Шектүү катары мурда соттолгон 1985-жылы жана 1980-жылы туулган жарандар кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.