Мадумаров: Экс-депутаттардын айрымдары ачкычтарын бербей качып жүрөт

Мадумаров: Экс-депутаттардын айрымдары ачкычтарын бербей качып жүрөт

6-чакырылыштын айрым депутаттары иш бөлмөлөрүнүн ачкычтарын бербей качып жүрөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров билдирди.

Ал, “мына ушинтип «боло берет, боло берет» деп келип ушул жерде отурабыз. Окуганыбыз, окубаганыбыз дагы айтып, боло берет деп жатабыз. Регламент, мыйзам күчүнө ээ болуп жаткандан кийин боло берет деген болбойт. Регаламентке киргизип коёбуз деген болбойт. Мына кийин киргизип коёбуз деп жүрүп Кыргызстан ушундай болуп жатат. Анда 8-берененин 9-пунктун жокко чыгаргыла. Андай болбойт! Бул жерде бири-бири менен биринчи жолу көрүшүп жаткандар болуп жатат. Мына 6-чакырылыштын депутаттары ушул күнгө чейин мөөнөттү мыйзамсыз созуп келдиңиздеер. Мына кайра ошол кылыкты баштап жатасыңар. Мындан ары андай болбойт. Конституция менен кыйшайбай кетебиз. Депутаттар тарабынан ант берүү аяктагандан кийин биринчи жыйын жабылат. Танаписке чыгып баары бири-бири менен таанышат. Кээ бир депутаттар иш бөлмөлөрүнө кирбей жүрүшөт. Себеби мурунку депутаттар арасында кабинеттин ачкычын бербей жүргөндөр бар. Иш бөлмөлөрүнө кирсин, жайгашсын, таанышсын, ким ким менен бирге болорун чечишсин. Мыйзамдын талабы боюнча сизге жазуу түрүндө бериши керек”- деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>