“Шамбала” тасмасы Эл аралык Moving Film Festival кинофестивалында 7 сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады.
Кинофестиваль 28-31-декабрь аралыгында Иранда өткөн. “Шамбала” тасмасынын режиссер Артыкпай Сүйүндүков Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тарткан.
Сыйлыктары:
— «Мыкты оператор»:
Акжол Бекболотов
Мурат Алиев
— «Мыкты композитор»:
Мурзали Жээнбаев
— «Мыкты үн режиссеру»:
Бакыт Ниязалиев
Калыбек Шерниязов
— «Мыкты монтаж»:
Наргиза Маматкулова
Караш Жанышов
Элдияр Мадаким
— «Мыкты макияж»:
Айгүл Кыдыралиева
— «Мыкты костюм»:
Айгүл Кыдыралиева
— «Мыкты визуалдык эффект (VFX)»:
Элдияр Мадаким
Изат Абдраимов.