УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Ташиев: Биз жарандарыбызды кыйынчылыкка таштабайбыз – видео
09.01.2022 | 16:18
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Казакстандын Бишкектеги элчилигинин имаратынын жанына митингге келди. Анын айтымында, музыкант Викрам Рузахуновдун кармалганы тууралуу маалымат расмий тастыктала элек.
Мен сиздерди ишендиргим келет: биз жарандарыбызды кыйынчылыкта калтырбайбыз.
Ал белгилегендей, Кыргызстандын чек арасын бир дагы террорист кесип өткөн эмес.
Викрам Рузахуновдун кармалышына байланыштуу Кыргыз бийлиги Казакстандын бийлигине расмий суроо-талаптарды жана ноталарды жөнөтүштү.
«Иликтөөдө катачылык кеткендир. Викрам Рузахунов тууралуу маалыматтарды чогулттук, ал эч качан мыйзамсыз аракеттерди көргөн эмес, ар дайым кадыр-барктуу жаран болгон жана күтүүсүздөн террорист болуп кете алган эмес», — деди Ташиев.