Мэрия эскертет! Оттон чыккан ысык күлдү таштанды челекке төкпө

11.01.2022 | 09:53

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан оттон чыккан күлдү таштанды челекке ыргытпоону өтүнөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Күлдүн чыгышы көбүнчө челектердеги таштандылардын күйүп кетишине алып келет.

«Санитардык-экологиялык инспекциянын инспекторлору тарабынан мындай мыйзам бузуу фактысы Бишкек шаарынын Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган жашоочу тарабынан аныкталган. Ага карата 5 миң 500 сом айып салуу менен Эреже бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарын аткарууга милдеттендирилди. Өрттөнүп жаткан контейнер өчүрүлдү», – деп белгилешти мэриядан.

Мэрия күлдү идишке чыгаргандан кийин толук муздатып гана таштанды челекке төгүүгө уруксат берилээрин баса белгиледи.

Жакшыртуу эрежелерин бузуу боюнча суроолор болсо Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот:

Свердлов району – 0551551745;

Октябрь району – 0505523832;

Биринчи Май району – 0555404818;

Ленин району – 0554222213.

Scroll to Top