Ысык-Көлдүн жээгинде чатырда от жаккан жаранга чара көрүлдүМинздрав калктын инфекцияларга каршы иммунитетин текшеретЫсык-Көлдө кубаттуулугу 7,8 МВт болгон «Жыргалаң» кичи ГЭСи ишке кирдиБишкекте жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган форум өтөт9-ноябрда Кыргызстанда күн ачык жана жылуу болотБишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөт
Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылды
08.12.2025 | 17:47
Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы түз авиа каттам ачылды. 2025-жылдын 7-декабрында Нью-Делидеги Индира Ганди атындагы аэропортто ата мекендик Tez Jet авиакомпаниясы аткарган Дели – Бишкек – Дели каттамынын ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов катышып, бул окуя эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик жана туристтик байланыштарды өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Каттамдар үзгүлтүксүз негизде жумасына бир жолу — жекшемби күндөрү аткарылат. Авиакомпания заманбап жана ыңгайлуу учактарды колдонууну убада кылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом