АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Чүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылат
08.12.2025 | 17:40
Чүй проспектисинин ЦУМ аймагындагы тилкесин унаа кыймылы үчүн 12-декабрда ачуу пландалууда. Бул тууралуу УКМК төрагасы объектини текшерип жаткан учурда Old Bishkek долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеев билдирди.
Түлеевдин айтымында, башында жолду 6-декабрда ачуу пландалган, бирок жумуштун масштабы Ибраимов көчөсүнө чейин кеңейтилгендиктен, мөөнөт артка жылдырылган.
Ошол эле учурда бишкектиктер толук кандуу алты тилкелүү жолго жазында гана ээ болушат.
«Азыр күн сууктап калгандыктан, асфальт заводдору жабык. Алты тилкелүү жолду жазында жасайбыз. Ал эми каттамды 12-декабрда ачабыз», — деп түшүндүрдү Түлеев.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика