Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Бишкек: Кишини унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
12.01.2022 | 11:49
Бишкекте жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын борбордогу бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-декабрында саат 02.30дар чамасында Бөкөнбаев-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу белгисиз унаа менен 60 жаштагы жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Патрулдун кызматкерлери 32 жаштагы Toyota Corolla унаасынын айдоочусун таап, кармашкан. Ал кошумча иликтөө үчүн Бишкек ШИИБге жеткирилди.
Аталган факты электрондук журналга катталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом