Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алдыИнфляция өсүүдө: Казакстандын улуттук банкы базалык ченди 18%га чейин көтөрдүАзат Салмурбек уулу Кара-Балтанын мэри болуп дайындалдыИзраил менен Хамас ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюштуКыргызстанда күйүүчү майдын запасы бир айга жетет. Өлкө күйүүчү май тартыштыгынан кутула алабы?Электричка жүрөт. Бишкек мэриясы темир жолду шаардын чегинен сыртка чыгаруу идеясынан баш тартты
Каркырадан кыргыз жаранын казактар кармап кетти
12.01.2022 | 14:32
Ысык-Көл облусунун тургуну Өмүрбек уулу Сыймыкты Казакстан тараптан мал кайтарып жүргөн жеринен кармап кетиптир. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев билдирди.
Ал төрагага кайрылып, “Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жайлоосунда биздин бир жараныбызды мал кайтарып жүргөн жеринен Казакстандын чек ара кызматкерлери кармап кетиптир. Ошону Тышкы иштер министрлигине, элчиликке тапшырма берип, эмне себептен кармап кеткенин аныктап, туура чечим чыгарышсын”– деди.
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов тапшыра берилээрин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар