«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөтКумайык» борборунда мобилдик ветклиника пайда болдуСыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз бердиБишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жок
Каркырадан кыргыз жаранын казактар кармап кетти
12.01.2022 | 14:32
Ысык-Көл облусунун тургуну Өмүрбек уулу Сыймыкты Казакстан тараптан мал кайтарып жүргөн жеринен кармап кетиптир. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев билдирди.
Ал төрагага кайрылып, “Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жайлоосунда биздин бир жараныбызды мал кайтарып жүргөн жеринен Казакстандын чек ара кызматкерлери кармап кетиптир. Ошону Тышкы иштер министрлигине, элчиликке тапшырма берип, эмне себептен кармап кеткенин аныктап, туура чечим чыгарышсын”– деди.
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов тапшыра берилээрин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар