Иранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайы
Oмикрон: Биринчи симптом байкалса кайда кайрылуу керек?
12.01.2022 | 15:32
Эгерде сизде оорунун белгилери пайда болсо, жашаган жериңиз боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, үй-бүлөлүк дарыгерге же 118 ишеним телефонуна кайрылуу керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Мындан тышкары, министрлик COVID-19га каршы эмдөөлүүгө жана дельта жана омикрон илдеттерин жуктуруп алуу коркунучун эффективдүү азайтуучу профилактикалык чараларды көрүүгө чакырат:
- башкалардан 1 метр аралыкты сактоого;
- өзүнө туура келген маска кийүү;
- Үйдүн терезелерин ачуу, желдетүү;
- колду тез-тез жууп туруу;
- колго же кол аарчыга жөтөлү же чүчкүрү. Колдон келишинче абага жайылтпоо;
- эмдөө.
Бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда омикрон штамы аныкталганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар