Президент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен таанышты
Адахан Мадумаров: “Бүтүн Кыргызстандын” бардык мүчөлөрүнө кысым болуп жатат
14.01.2022 | 14:49
Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн Башкы прокуратурада сурак берип чыкты.
Сурактан кийин ал журналисттерге “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын бардык мүчөлөрүнө кысым болгонун билдирди.
«Бүгүн эртең менен менин үйүмдүн жанында ондой эркек киши жүрдү. Алардын баары Ички иштер министрлиги менен УКМКнын кызматкерлери болгон. Орозайым Нарматова дагы сурак берип жатат. Ага чакыруу кагазы кечээ кечинде, Жогорку Кеңештин жыйыны аяктагандан кийин берилди», – деди Мадумаров.
Ал кошумчалагандай, Башкы прокуратурада Баткен облусундагы жерлерди сатуу иши боюнча суракка алынган. Ал бул иш боюнча күбө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат